Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

IV БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮ›11-глава. Карызкордун мүлкүн сатуу

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 87-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.

1. Карызкордун мүлкүн өзүндө калтыруу боюнча өндүрүп алуучунун (өндүрүп алуучулардын) чечими жок болсо жана башка өндүрүп алуучу (башка өндүрүп алуучулар) болбосо, сот аткаруучу он күндүн ичинде мүлктүн биринчи тоорукта белгиленген баштапкы баасы менен аукцион кайрадан өткөрүлө тургандыгы жөнүндө жарыялайт.

2. Кайрадан өткөрүлүүчү аукцион ушул Мыйзамдын 83 жана 84-беренелеринде белгиленген тартипте өткөрүлөт.

3. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Кайрадан аукцион өткөрүүдө аукциондун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюунун, сатып алуучу тарабынан мүлк сатып алынган сумманы, ошондой эле шертпулдун суммасын төлөөнүн жалпы эрежелери колдонулат.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)