76-берене. Күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүп алуу
06.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
IV БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮ›10-глава. Мажбурлоо мүнөзүндөгү аткаруу иш-аракеттери
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 76-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.
1. Күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүп алуу соттун чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Эгерде мүлктөн өндүрүп алуу күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу үчүн жүргүзүлсө, анда күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүп алуу биринчи кезекте карызкордун башка мүлкүнүн болгонуна карабастан жүргүзүлөт.
3. Күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу үчүн өндүрүп алуу жүргүзүлгөн күрөөгө коюлган мүлк ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сатылат.