45-берене. Чакыруу кагазын же кабарлоону жеткирүү, тапшыруу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

III БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮНҮН ЖАЛПЫ ЖОБОЛОРУ›7-глава. Аткаруу өндүрүшүндөгү билдирүүлөр жана чакыруулар

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.

1. Эгерде кабарлоо же чакыруу кагазы почта боюнча же сот аткаруучу жеткирүүнү тапшырган адам тарабынан жеткирилсе, анда аларды даректелүүчүгө жеткирүү датасы жана убактысы сот аткаруучулар бөлүмүнө же болбосо жеке сот аткаруучуга кайра кайтарылууга жаткан документке жазылат.

2. Эгерде кабарлоо же чакыруу кагазы кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси же болбосо электрондук байланыштын башка түрү аркылуу жиберилсе, аларды жиберүү жана дарек ээсине жеткирүү датасы жана убактысы маалыматтык тутумда же болбосо башка белгиленген ыкма менен катталат.

Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жөнөтүлгөн кабарлоо же чакыруу кагазы жеткирилгендиги тууралуу маалыматтар маалыматтык тутумда болгон учурда алар жеткирилди жана талаптагыдай тапшырылды деп эсептелет.

3. Жаранга даректелүүчү кабарлоо же чакыруу кагазы сот аткаруучулардын бөлүмүнө же болбосо жеке сот аткаруучуга кайтарылууга жаткан тапшыруу жөнүндө кабарлоого кол койдуруу менен жеке өзүнө тапшырылат.

Юридикалык жакка даректелген кабарлоо же чакыруу кагазы юридикалык жактын кызматкерине тапшырылат, ал өзүнүн фамилиясын, аты-жөнүн жана кызмат ордун көрсөтүү менен тапшыруу жөнүндө билдирүүгө кабарды же чакыруу кагазын алганы үчүн кол коет.

4. Эгерде кабарлоону же чакыруу кагазын жеткирген адам чакырылган жаранды анын жашаган жери боюнча таппаса, анда кабарлоо же чакыруу кагазы аны менен чогуу жашаган жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн же туугандарынын кимдир бирөөсүнө алардын макулдугу менен тапшырылат. Бул учурда даректелүүчү талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет.

5. Эгерде кабарлоону же чакыруу кагазын жеткирген адам даректелүүчүнү же аны менен чогуу жашаган жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн же туугандарынын кимдир-бирөөсүн анын жашаган жери боюнча таппаса, анда кабарлоо же чакыруу кагазы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына, коомдук өз алдынча башкаруунун аймактык органдарына тапшырылат. Бул учурда даректелүүчү талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет.

Даректелүүчү же аны менен чогуу жашаган жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрү же туугандары кабарлоону же чакыруу кагазын алуудан баш тартканда, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына, коомдук өз алдынча башкаруунун аймактык органдарына тапшырылат. Бул учурда даректелүүчү талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет.

6. Кабарлоону же чакыруу кагазын почта аркылуу жеткирүүдө даректелүүчү төмөнкү учурларда талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет:

1) эгерде тапшыруу жөнүндө кабарлоодо даректелүүчүнүн жок экени, даректелүүчүнүн кайсыл жерге кеткени жана анын кайтып келүүсү качан күтүлүп жатканы жөнүндө белги коюлса же мындай маалыматтардын жок экени тууралуу белги коюлса;

2) эгерде почта аркылуу жиберилген кабарландырууну алганына карабастан даректелүүчү кабарлоону же чакыруу кагазын алуу үчүн почта бөлүмүнө келбесе.

Эгерде кабарлоо же чакыруу кагазы дарек ээсине ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жиберилсе, жак дагы талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет.

7. Ушул берененин ченемдери сот аткаруучунун токтомун жана ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушун жеткирүү тартибине жайылтылат.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79, Мыйзамынын редакциясына ылайык)