Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

III БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮНҮН ЖАЛПЫ ЖОБОЛОРУ›3-глава. Мажбурлап аткартуу органдары, аткаруу документтеринин түрлөрү

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.

1. Аткаруу иш-аракеттери, ал эми мажбурлап аткартуу чаралары жумушчу күндөрү саат 6.00дөн тартып саат 22.00гө чейин жасалат жана колдонулат. Өндүрүп алуучу жана карызкор сот аткаруучуга аларга ыңгайлуу болгон убакытты сунуштай алышат. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо убактысы жөнүндө биротоло чечим сот аткаруучу тарабынан кабыл алынат.

Эгерде аткаруу иш-аракеттери жасалса, ал эми мажбурлап өндүрүп алуу чаралары саат 22:00 болгондон кийин колдонулса, анда сот аткаруучу бул жөнүндө улук сот аткаруучуга жазуу жүзүндө, же электрондук, уюлдук байланыш аркылуу кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен билдирет.

Ушул эле учурларда жеке сот аткаруучуда турган аткаруу өндүрүшү боюнча ал ушул бөлүктүн экинчи абзацында каралган тартипте Жеке сот аткаруучулардын палатасына кабарлайт.

Ушундай эле учурларда улук сот аткаруучуда турган аткаруу өндүрүшү боюнча ал ушул бөлүктүн экинчи абзацында каралган тартипте жогору турган сот аткаруучуга билдирет.

2. Карызкор өндүрүп алынууга тийиш болгон мүлктү чыгымдап салышы же жашырып коюшу, аткаруу документтерин аткарууну татаалдаштыра турган же аткарууну мүмкүн эмес кылуучу башка иш-аракеттерди жүргүзүшү мүмкүн деп болжолдоого негиз берүүчү жагдайлар болгондо, же болбосо карызкордун айынан аларды ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген убакта жүргүзүү мүмкүн болбогондо, сот аткаруучу жумушчу күндөрү саат 22.00дөн тартып саат 6.00гө чейин, ошондой эле дем алыш же майрам күндөрү 24 саатын ичинде аткаруу иш-аракеттерин жасайт жана мажбурлоо чараларын колдонот.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда аткаруу иш-аракеттерин жасоо жана мажбурлап аткартуу чараларын колдонуу үчүн сот аткаруучу улук сот аткаруучуга, ал эми жеке сот аткаруучу - Жеке сот аткаруучулардын палатасына бул жөнүндө күн мурунтан жазуу жүзүндө кабарландырат.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)