Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

III БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮНҮН ЖАЛПЫ ЖОБОЛОРУ›3-глава. Мажбурлап аткартуу органдары, аткаруу документтеринин түрлөрү

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.

1. Аткаруу өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.

2. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан жана мамлекеттик же расмий тилди билбеген адамга котормочунун, кол менен жаңсап котормочунун (мындан ары - котормочу) кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу укугу түшүндүрүлөт жана камсыз кылынат.