131-берене. Жеке сот аткаруучу
06.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
VI БӨЛҮМ›21-глава. Жеке сот аткаруучунун уюштурулушу, иш тартиби жана укуктук статусу
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 131-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.
1. Жеке сот аткаруучу пайда табуу максатысыз жүзөгө ашырылуучу кесиптик иштин субъектиси болуп саналат.
2. Жеке сот аткаруучуларга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү тиешелүү үлгүдөгү кызматтык ырастамалар берилет.
3. Жеке сот аткаруучулардын ишин контролдоону жана координациялоону Жеке сот аткаруучулар палатасы жүзөгө ашырат.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)