Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

V БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮНҮН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН УКУКТАРЫН КОРГОО›18-глава. Сот аткаруучунун чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттануу

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 122-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.

1. Сот аткаруучунун токтомуна, аракетине даттануу сот аткаруучу токтомду чыгарган, аракетти жасаган күндөн тартып он күндүн ичинде берилет.

Сот аткаруучунун аракетсиздигине даттануу сот аткаруучу белгилүү бир аракеттерди жасоого тийиш болгон мөөнөт бүткөндөн кийин он күндүн ичинде берилет.

2. Чыгарылган токтом жөнүндө, иш-аракет жасалуучу убакыт жана жери жөнүндө тийиштүү түрдө кабарланбаган адам токтомдун чыгарылганы, иш-аракет жасалганы жөнүндө билген же билиш керек болгон күндөн тартып он күндүн ичинде даттанууну берүүгө укуктуу.