118-берене. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашалар


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

IV БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮ›17-глава. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашалар

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 118-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.

1. Өндүрүп алуучунун жана аткаруу өндүрүшүнө катышкан башка адамдардын аткаруу иш-аракеттерин уюштурууга жана жасоого сарпталган акча каражаттары аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашалар болуп саналат.

2. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларга төмөнкүлөргө сарпталган акча каражаттары кирет:

1) карызкордун мүлкүн ташууга, сактоого жана сатууга;

2) аткаруу иш-аракеттерин уюштурууга жана өткөрүүгө белгиленген тартипте тартылган котормочулардын, адистердин жана башка адамдардын иши үчүн сыйакы, ошондой эле алар жана калыс-күбөлөр тарткан чыгашалардын компенсациясы;

3) өндүрүп алуучуга акча каражатты которуу (жөнөтүү);

4) карызкорду, анын мүлкүн издөө, баланы издөө;

5) карызкордун укуктарын мамлекеттик каттоону жүргүзүү;

6) өндүрүп алуучунун аванстык төгүмүнө;

7) аткаруу документин аткаруу процессиндеги башка зарыл иш-аракеттерди жасоого.