Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

IV БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮ›16-глава. Аткаруу өндүрүшү боюнча башка аткаруу иш-аракеттери

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 111-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.

Аткаруу өндүрүшү сот аткаруучу тарабынан төмөнкү учурларда токтотулат:

1) өндүрүп алуучу өндүрүп алуудан баш тартканда;

2) өндүрүп алуучу менен карызкордун ортосундагы жарашуу макулдугу сот тарабынан бекитилгенде;

3) эгерде акт менен белгиленген талаптар же милдеттер каза болгондун укук улантуучусуна же дайынсыз жок болгон адамдын мүлкүн башкаруучуга өтүшү мүмкүн болбосо, өндүрүп алуучу же карызкор болуп саналган жаран каза болгондо, ал каза болду деп жарыяланганда же дайынсыз жок деп таанылганда;

4) анын негизинде аткаруу документи берилген сот актысы жокко чыгарылганда;

5) өндүрүшкө кабыл алынган аткаруу документи жокко чыгарылганда же жараксыз деп таанылганда;

6) аларды өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө аткаруу документин аткарууда карызкордон алынган предметтерди алуудан өндүрүп алуучу баш тартканда;

7) мыйзамда белгиленген тартипте карызкор - юридикалык жак жоюлганда;

8) карызкорду - юридикалык жакты кудуретсиз (банкрот) деп жарыялаганда.