Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

II БӨЛҮМ. СОТ АТКАРУУЧУЛАРДЫН ИШИНИН НЕГИЗГИ ЖОБОЛОРУ›2-глава. Сот аткаруучунун ишин уюштуруу, тартиби жана укуктук статусу

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.

1. Улук сот аткаруучуларга ушул Мыйзамдын 12-беренесинде көрсөтүлгөн укуктардан жана милдеттерден тышкары ошондой эле төмөнкүлөр жүктөлөт:

1) өзү башкарган аймактык бөлүмдүн ишин уюштуруу жана контролдоо;

2) сот аткаруучуларынын ортосунда аткаруу документтерин бөлүштүрүү;

3) сот аткаруучуларынан баш тартуу жана сот аткаруучуларынын өздөрүнүн баш тартуусу жөнүндө арыздарды кароо;

4) аймактык бөлүмдүн депозиттик эсебин тескөө, мыйзамдарда белгиленген тартипте анын жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик;

5) тиешелүү сот аткаруучу аткарышы мүмкүн болбогон учурда тиешелүү аймакта аткарылууга жаткан кандай болбосун аткаруу документтерин өз өндүрүшүнө кабыл алуу;

6) башкы сот аткаруучусуна сот аткаруучуну сыйлоо же тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө, анын ичинде алар аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө мыйзамды бузууларга жол берген учурда сот аткаруучуну аткаруу иш-аракеттерин андан ары жүргүзүүдөн четтетүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;

7) жарандардын жана юридикалык жактардын сот аткаруучуларынын аракеттерине карата кайрылууларын баш ийүү тартибинде кароо, аларды кабыл алуу;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

2. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)