104-берене. Эгерде баланы алып коюу жана өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү мүмкүн болбогон учурда сот аткаруучунун иш-аракеттери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
IV БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮ›14-глава. Баланы алып коюу жөнүндө жана бала менен баарлашууга укукту жүзөгө ашыруу жөнүндө иштер боюнча соттордун чечимдерин мажбурлап аткартуунун өзгөчөлүктөрү
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 104-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.
1. Баланын турган жерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда сот аткаруучу аны издөө жөнүндө токтом чыгарат жана аткаруу үчүн баланын белгилүү болгон акыркы турган жери боюнча ички иштер органдарына жиберет.
2. Карызкор баланы алып коюу жөнүндө соттун чечимин ыктыярдуу тартипте аткарбаган, карызкор баланы жашырып коюу жолу менен, ошондой эле соттун чечимин аткарууга башка жолдор менен тоскоолдук кылуу менен мажбурлап аткартуу жол-жобосунан качкан учурда, сот аткаруучу карызкорду соттун чечимин аткарбаганы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берет.
3. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)