102-берене. Баланы алып коюу жөнүндө жана бала менен баарлашууга укукту жүзөгө ашыруу жөнүндө иштер боюнча аткаруу өндүрүшү
06.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
IV БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮ›14-глава. Баланы алып коюу жөнүндө жана бала менен баарлашууга укукту жүзөгө ашыруу жөнүндө иштер боюнча соттордун чечимдерин мажбурлап аткартуунун өзгөчөлүктөрү
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 102-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.
Баланы алып коюу жөнүндө жана бала менен баарлашууга укукту жүзөгө ашыруу жөнүндө иштер боюнча аткаруу өндүрүшүн сот аткаруучулар ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрү менен аткаруу өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча жүргүзөт.
Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)