1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары, жөнгө салуу предмети жана колдонуу чөйрөсү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

I БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮНҮН НЕГИЗГИ ЖОБОЛОРУ›1-глава. Негизги жоболор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.

1. Ушул Мыйзамдын максаты аткаруу документтерин реалдуу, толук жана өз убагында аткарууну камсыз кылуу болуп саналат.

2. Ушул Мыйзам аткаруу документтерин аткарууга байланыштуу келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салат.

3. Ушул Мыйзам аткаруу өндүрүшүнүн укуктук, уюштуруучулук жана экономикалык негиздерин, аткаруу документтерин ыктыярдуу жана мажбурлап аткартуунун шартын жана тартибин аныктайт, ошондой эле сот аткаруучулардын, жеке сот аткаруучулардын укуктук статусун жана алардын ыйгарым укуктарын белгилейт.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)