84-статья. Күрөө жөнүндөгү келишимдин өзгөрбөстүгү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
IV БӨЛҮМ КҮРӨӨГӨ КОЮЛГАН МҮЛК УКУКТАРЫН КОЛ САЛУУДАН КОРГОО
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 84-статьясы, 24.04.2025 редакциясы.
1. Келишим түзүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен күрөө берүүчүнүн жана/же күрөө кармоочунун келишимдик укуктарын өзгөртүүчү жаңы эрежелер белгиленген учурда, күрөө жөнүндө түзүлгөн келишимдин шарттары анын иштөө мөөнөтүнүн аягына чейин өзгөрүүсүз сакталат, эгерде тараптардын макулдашуусунда башкасы каралбаса.
2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары же алардын кызмат адамдары тарабынан күрөөнүн жүйөсүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө боюнча күрөө кармоочунун укуктарын бузган чечимдер кабыл алынса, мындай чечимдер сот тарабынан күрөө кармоочунун доосу боюнча мыйзамсыз деп табылат.
3. Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн чечимдердин кабыл алынышынын натыйжасында күрөө кармоочу тарткан бардык чыгымдар мамлекеттик орган жана ушундай чечимди кабыл алган жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан толук көлөмдө орду толтурулууга тийиш.