53-статья. Укуктардын күрөөсүндө күрөө берүүчүнүн милдеттери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
II БӨЛҮМ КҮРӨӨНҮН ТҮРЛӨРҮ›5-глава Укуктардын күрөөсү
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-статьясы, 24.04.2025 редакциясы.
Эгерде күрөө келишиминде башкасы каралбаса, укуктар күрөөгө коюлганда күрөө берүүчү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) күрөөгө коюлган укукту өткөрүп бербөөгө;
2) күрөөгө коюлган укуктардын токтотулушуна кириптер кылуучу иш-аракеттерди жасабоого же анын наркын төмөндөтпөөгө;
3) күрөөгө коюлган укуктун аныктыгын камсыз кылуу үчүн зарыл иш-аракеттерди жасоого;
4) күрөөгө коюлган укукту үчүнчү бир жактар тарабынан кол салуусунан коргоо үчүн бардык чараларды көрүүгө;
5) күрөө кармоочуну күрөөгө коюлган укуктарга кирген кандай өзгөртүүлөр болбосун, анын үчүнчү жактар тарабынан бузулушу, үчүнчү жактар ушул укукка карата койгон дооматтар тууралу маалымдоого.