46-статья. Турак жайды кредиттөөнүн өзгөчөлүктөрү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.04.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

II БӨЛҮМ КҮРӨӨНҮН ТҮРЛӨРҮ›4-глава Күрөө кармоочуга күрөөгө коюлган буюмду калтырган күрөө

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-статьясы, 24.04.2025 редакциясы.

1. Турак жайды курууга жана сатып алууга турак жай кредиттери банкттар, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар жана/же дагы башка жактар тарабынан берилиши мүмкүн. Турак жай кредиттерин берүү шарттары жана тартиби калыптанган тажрыйбаны эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары койгон талаптарды сактоо менен тараптар жекече аныкташат.

2. Турак үйдү курууга кредит келишимдин шарттарына ылайык берилет.

(КР 2019-жылдын 18-июлундагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)