42-1-статья. Банктын же башка кредиттик уюмдун кредитинин же башка жеке же юридикалык жактын максаттуу карызынын эсебинен сатып алынуучу турак үйлөрдү жана квартираларды ипотекалоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
II БӨЛҮМ КҮРӨӨНҮН ТҮРЛӨРҮ›4-глава Күрөө кармоочуга күрөөгө коюлган буюмду калтырган күрөө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-1-статьясы, 24.04.2025 редакциясы.
Эгерде келишимде башкача каралбаса, банктын же башка кредиттик уюмдун карыз акчалай каражатын, кредитин же болбосо башка жеке же юридикалык жак берген максаттуу карыз каражатын пайдалануу менен сатып алынуучу же курулуп жаткан турак үй же квартира карыз алуучунун турак үйгө же квартирага менчик укуктары мамлекеттик катталган учурдан тартып ипотека менен оордотулган деп эсептелинет. Мында турак үйдү же квартираны сатып алууга же курууга кредит же максаттуу карыз берген банк же башка кредиттик уюм же болбосо юридикалык же жеке жак күрөө кармоочу болуп саналат.
(КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)