41-статья. Көп квартиралуу турак үйдөгү квартиралардын күрөөсү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.04.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

II БӨЛҮМ КҮРӨӨНҮН ТҮРЛӨРҮ›4-глава Күрөө кармоочуга күрөөгө коюлган буюмду калтырган күрөө

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-статьясы, 24.04.2025 редакциясы.

Көп квартиралуу турак үйдөгү менчик укугунда күрөө берүүчүгө таандык квартираларды күрөөгө койгондо анын бир бөлүгү күрөө берүүчүнүн жана башка адамдардын жалпы үлүштүк менчигинде турса, жалпы менчик укугунда турган тиешелүү үлүш квартирасы жана жер участкасы менен бирге күрөөгө коюлган деп эсептелет.