25-статья. Күрөөлүк коюуда күрөө кармоочунун өзгөчөлүктөрү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
II БӨЛҮМ КҮРӨӨНҮН ТҮРЛӨРҮ›3-глава Күрөөгө коюлган буюмду күрөө кармоочуга кошо берүүнүн күрөөсү (күрөөлүк)
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-статьясы, 24.04.2025 редакциясы.
Эгерде ушул Мыйзамда же келишимде башкасы каралбаса, күрөөлүктү койгондо күрөө кармоочу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) эгерде бул күрөө жөнүндөгү келишимде эскертилсе, күрөөгө коюлган мүлктүн турумун сактоо үчүн келишимде каралган же жөндүү чектерде тиешелүү чараларды көрүүгө;
2) күрөөгө коюлган мүлктүн бүлүнгөнү же жараксыз болгону, ошондой эле ага кандай кысым (коркунуч) болбосун келгени тууралу күрөө берүүчүгө токтоосуз билдирүүгө;
3) күрөө берүүчүгө күрөөгө коюлган мүлктүн пайдаланылышы тууралу үзгүлтүксүз отчет жиберип турууга;
4) күрөө берүүчүнүн эсебинен жана анын пайдасына ошол мүлктүн наркынын көлөмүндө күрөөлүктүн жүйөсүн камсыздандырууга;
5) күрөөгө коюлган мүлктү талаптагыдай күтүүгө;
6) камсыз кылынган милдеттенме аткарылгандан кийин күрөөлүктүн жүйөсүн токтоосуз кайтарып берүүгө.
Эгерде күрөө кармоочу гана күрөөнү түзүү учурунда алдынала билүүгө мүмкүн болбогон мөөнөттү узартуу үчүн жүйөлүү себептерди көрсөтпөсө, ушул Мыйзамда пайдаланылган "токтоосуз" деген термин 3 (үч) жумушчу күн дегенди билдирет.