7-берене. Шайлоонун милдеттүүлүгү жана мезгилдүүлүгү
10.11.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026
Жаңыртылды: 10.11.2026
1-глава Жалпы жоболор. Жарандардын шайлоо укуктары
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 7-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
1. Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү Конституцияда белгиленет.
2. Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо милдеттүү болуп саналат жана мезгил-мезгили менен Конституцияда белгиленген мөөнөттөрдө өткөрүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын бардык аймагында өзгөчө же аскердик абал киргизилген учурда шайлоо өткөрүлбөйт.