Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

1-глава Жалпы жоболор. Жарандардын шайлоо укуктары

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 6-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

Кыргыз Республикасында шайлоодо добуш берүү, жарандардын эркин билдирүүлөрүн кандайдыр бир көзөмөлдөө мүмкүндүгүн болтурбайт, жашыруун болуп саналат.

Добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)