Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

8-глава Шайлоону каржылоо

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 41-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

1. Талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран, ошондой эле талапкерди же болбосо талапкерлердин тизмесин көрсөтүүгө ниеттенген саясий партия көрсөтүүнүн тартибине жана шайлоонун түрүнө карабастан, документтерди бергенге чейин өзүнүн шайлоо фондун ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте түзүүгө милдеттүү.

Шайлоо төгүмү талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз берилгенге чейин түзүлгөн жеке шайлоо фондунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине төгүлөт.

Ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте катталган талапкерлер, саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорунун ачык эсептерин жүргүзүүнү улантат.

2. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонду мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен төмөнкү каражаттардын, атап айтканда, төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

- талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарынан;

- ушул берененин 3-бөлүгүндө саналган жактарды кошпогондо, жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.

21. Талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарын жана ыктыярдуу кайрымдуулуктарды шайлоо фондуна төгүү банктык эсептешүү эсеби аркылуу накталай эмес төлөм же болбосо банктык мекемелердин эсептик-кассалык бөлүмдөрү аркылуу накталай төлөм түрүндө жүргүзүлөт. Мындай кайрымдуулук жашыруун деп таанылбасы үчүн, идентификациядан өтпөгөн төлөм тутумдары аркылуу акча каражаттарын накталай эмес которууга же төгүүгө тыюу салынат.

Ыктыярдуу кайрымдуулукту төгүүдө жаран төлөм документинде өзү жөнүндө төмөнкү маалыматтарды көрсөтөт: жеке идентификациялык номерин (ЖИН), фамилиясын, атын, атасынын атын.

Юридикалык жактын ыктыярдуу кайрымдуулугун төгүүдө төлөм тапшырмасында ал жөнүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт: салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН), аталышы.

3. Шайлоо фонддоруна төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнө жол берилбейт:

- чет мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн, катышуучусу чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар болуп саналган чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактарынын;

- жарандыгы жок адамдардын;

- мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;

- мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын;

- уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүш бар, ошондой эле салыктар, жыйымдар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча жеңилдиктерден пайдаланган юридикалык жактардын;

- аскер бөлүктөрүнүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын;

- укук коргоо органдарынын, соттордун;

- кайрымдуулук менен алектенген уюмдардын;

- диний уюмдардын;

- атын атабай кайрымдуулук кылуучулардын (атын атабай кайрымдуулук кылуучу болуп төмөнкү маалыматтардын бирин: фамилиясын, атын, атасынын атын, ЖИНин көрсөтпөгөн, ошондой эле өзү жөнүндө анык эмес маалыматтарды көрсөткөн жаран түшүнүлөт).

Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна мамлекеттик бюджеттин же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдында карызы бар юридикалык жактардын, юридикалык жак түзбөстөн ишкердикти жүзөгө ашыруучу жеке жактардын акча каражаттарын кошууларына жол берилбейт. Көрсөтүлгөн юридикалык, жеке жактар шайлоо фондуна акча каражаттарын которгон учурда талапкер, саясий партия жоопкерчилик тартпайт. Эгерде талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары келип түшсө, анда соттун чечими боюнча банк же башка мекеме бул каражаттарды мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которууга милдеттүү.

Эгерде кайрымдуулук ушундай кайрымдуулукту жасоого укугу болбогон жаран же юридикалык жак тарабынан берилген болсо, ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык ал кайрымдуулук берүүчүгө толугу менен кайра кайтарылууга тийиш.

Эгерде кайрымдуулук ушул конституциялык Мыйзамдын ушул беренесинин 2-бөлүгүнүн 54, 62-беренелеринин талаптарын бузуу менен жаран же юридикалык жак тарабынан берилген болсо, анда ал кайрымдуулук берүүчүгө толугу менен кайра кайтарылууга тийиш же ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген кайрымдуулуктун максималдуу өлчөмүнөн ашкан бөлүгү кайра кайтарылууга тийиш, мында кайра кайтаруунун себептери көрсөтүлөт.

Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайра кайтаруу менен байланышкан чыгымдар аларды берген жарандардын жана уюмдардын эсебинен жабылат.

4. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонддоруна келип түшкөн акча каражаттары шайлоо дайындалган күнгө Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн саналат. Белгиленген өлчөмдөн ашык түшкөн акча каражаттары шайлоо фондуна чегерилүүгө жатпайт жана жарандарга жана уюмдарга кайтарылып берилет. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүүгө байланышкан чыгымдар аларды чегерген жарандардын жана уюмдардын эсебинен жабылат.

Кайра добуш берүү өткөрүлгөн учурда талапкердин бардык чыгымдарынын келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын жалпы чектик суммасы шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен бир жарым эсеге көбөйтүлүшү мүмкүн.

5. Шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттары банктык мекемедеги атайын эсепке которулат. Атайын эсеп талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран же саясий партия тарабынан ачылат. Шайлоо фонддоруна келип түшүүчү акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынышы керек. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер эсептелбейт жана төлөнбөйт.

Талапкер, саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун бир гана атайын эсебин ачууга укуктуу.

Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүүнүн, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

6. Банктык же мобилдик тиркемелердин тизмеги көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби банктык же башка мекемелер менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.

7. Шайлоо фонддорунун каражаттарын тескөө укугу талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандарга, талапкерлерге, саясий партияларга, алардын каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө таандык.

8. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу болот. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.

9. Шайлоо фонддорунун каражаттары шайлоо алдындагы үгүткө, талапкерди колдоо үчүн кол чогултууга багытталган шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү менен түзмө-түз байланышкан жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү, товарларды жана материалдарды сатып алуу боюнча уюштуруу-техникалык чараларды финансылык камсыз кылууга гана пайдаланылышы мүмкүн, анын ичинде:

- талапкерлигин коюу ниетин билдирген жаран тарабынан шайлоо төгүмүн өзүнүн шайлоо фондунан Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген өлчөмдө төгүү;

- маалыматтык жана консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөргө, тартылган кызматкерлердин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө;

- жарнама-басма кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө (үгүт материалдарын чыгаруу жана жайылтуу, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда кулактандырууларды жана сүйлөнгөн сөздөрдү жарыялоо);

- жайларды, жабдууларды ижарага алуу;

- транспорттук жана иш сапары боюнча чыгымдарды жабуу;

- байланыш кызматтарын көрсөтүү;

- кеңсе товарларын, жабдууларды ж.б. сатып алуу.

91. Талапкерлигин коюу ниетин билдирген майыптыгы бар адам шайлоо төгүмүн өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине төгөт.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына майыптыгы бар адамдардан турган талапкерлер үчүн шайлоо төгүмү майыптыктын тобун эске алуу менен белгиленет:

- III топтогу майыптарга - мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн жети жүз эсе өлчөмүндө;

- I жана II топтордогу майыптарга - мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн беш жүз эсе өлчөмүндө.

Талапкерди каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документ (түп нускасы) жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте майыптыгы бар экендигин белгилеген маалымкат берилет.

92. Талапкерлер өзүнүн шайлоо фондунун эсеби боюнча акча каражаттарынын келип түшүүсүнүн жана чыгымдалышынын эсебин жүргүзүүгө жана Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнүн шайлоо фондунун өлчөмдөрү жана түзүүнүн бардык булактары, ошондой эле жүргүзүлгөн бардык чыгымдар жөнүндө финансылык отчетторду берүүгө милдеттүү. Шайлоо фонддорун түзүүнүн жана каражаттарын чыгымдоонун тартиби, отчеттордун мөөнөттөрү жана формалары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

10. Жарандар жана юридикалык жактар талапкерди шайлоого көмөктөшүүчү иш аракеттерге шайлоо фонддору аркылуу гана каржылык (материалдык) колдоо көрсөтүүгө укуктуу. Юридикалык жактарга, алардын филиалдарына, өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле жеке адамдарга шайлоого түздөн-түз же кыйыр түрдө байланыштуу жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, товарларды сатууну бекер аткарууга же негизсиз төмөндөтүлгөн бааларда аткарууга тыюу салынат. Талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, байкоочулары, шайлоо комиссиялардагы өкүлдөрү, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын, шайлоого түздөн-түз же кыйыр түрдө байланыштуу жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү бекер аткарууга укуктуу.

11. Талапкерлерге, саясий партияларга шайлоочулардын колун чогултууга, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, башка шайлоо алдындагы иш чараларды жүзөгө ашырууга өздөрүнүн шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.

12. Банк же башка мекемелер талапкердин, саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын келип түшүүлөрү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматты жума сайын, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын талабы боюнча 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына берип турууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн маалыматтар келип түшкөнүнө жараша милдеттүү түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жекече маалыматтар жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен жайгаштырылуусу тийиш.

13. Талапкерди каттоодон баш тартылган, талапкер өзүнүн талапкерлигин алып салган же талапкерди каттоо токтотулган (жокко чыгарылган) учурларда шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар талапкер тарабынан аларды кошкон жарандарга жана уюмдарга салынган каражаттарга пропорционалдуу түрдө дароо кайтарып берилет. Мында, аталган каражаттарды кайтарып берүү менен байланышкан чыгымдар аларды кошкон жарандар жана уюмдар тарабынан жабылат.

14. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу белгилүү жумуштарды аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө жарандар жана юридикалык жактар менен келишимдер (макулдашуулар) талапкердин жеке өзү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлөт. Талапкердин, саясий партиялардын атайын эсептеринен төлөөлөр боюнча келишимдер жана макулдашуулар добуш берүү күнүнүн алдыңкы күнүнөн кеч түзүлүшү мүмкүн эмес.

Жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөр боюнча, ошондой эле атайын эсепте турган, чыгымдалбаган акча каражаттарын кайра кайтаруу боюнча бардык финансылык операциялар добуш берүү күнүнөн кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен токтотулат.

Шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен байланышкан иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу (берүү) үчүн талапкердин, саясий партиянын жана жеке, юридикалык жактардын ортосундагы эсептешүүлөр накталай эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат. Банктык эсептешүү эсеби бар болгондо мындай эсептешүүлөрдү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилүүчү тизмекке киргизилген мобилдик банктык тиркемелердин тутумдары аркылуу жүргүзүүгө жол берилет.

Мында талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгү менен байланышкан белгилүү бир жумуштарды аткаргандыгы (кызматтарды көрсөткөндүгү) үчүн даректүү социалдык жардам алуучу, аз камсыз болгон жана жеңилдиктерге укугу бар адамдарга накталай эмес эсептешүү аркылуу акы төлөөсү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн мыйзамдарда каралган социалдык төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартуусуна себеп болуп саналбайт.

141. Талапкер, саясий партия Кыргыз Республикасынын жарандары менен үгүт иштери боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу жөнүндө келишимдерди ар бир шайлоо участогунда үчтөн ашпаган сандагы үгүтчү менен түзүүгө укуктуу.

15. Кайра добуш берүү өткөрүүдө аларга карата кайра добуш берүү өткөрүлүп жаткан талапкерлердин атайын эсептери боюнча каржылык аткарымдар кайра добуш берүү күнү дайындалган күнү кайра ачылат.

16. Шайлоо төгүмү кайтарылбайт жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулат.

161. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

17. Атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыктары добуш берүү күнүнөн кийин талапкерлерге, саясий партияларга кайтарылып берилет.

18. Шайлоо фонддорунун каражаттарына, көрсөтүлгөн фонддорго ыктыярдуу кайрымдуулук менен берилген жана чегерилген каражаттарга, ошондой эле көрсөтүлгөн фонддордун чыгымдарына салык салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

19. Шайлоо фондунун атайын эсеби талапкер, саясий партия жыйынтык финансылык отчетту бергенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын көрсөтмөсү боюнча банктык мекеме тарабынан жабылат.

20. Талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандар, талапкерлер, саясий партиялар өздөрүнүн шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүшүнүн жана чыгымдалышынын эсебин жүргүзүүгө жана тиешелүү финансылык отчетторду Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү. Финансылык отчеттордун тартиби, мөөнөттөрү жана формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

21. Шайлоо фонддорунун каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат, шайлоо өнөктүгүн финансылоо жөнүндө талапкерлердин, саясий партиянын финансылык отчеттору, шайлоо төгүмдөрүнүн келип түшкөн каражаттарынын суммасы жана мамлекеттик бюджетке которулган сумма жөнүндө маалымат жеке маалыматтар жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88, 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 2, 2021-жылдын 15-июлундагы № 84, 2021-жылдын 26-августундагы № 103, 2022-жылдын 18-октябрындагы № 97, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 ,2025-жылдын 16-октябрындагы № 220, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)