40-берене. Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү каржылык камсыз кылуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 40-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
1. Шайлоо комиссияларынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Каржылоонун тартиби Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамдарда аныкталат.
2. Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү программаларын, маалыматтык, билим берүү, илимий-изилдөө программаларын, шайлоону техникалык даярдоону, шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатууну кошпогондо, чет мамлекеттердин, Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн, чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын, катышуучусу чет өлкөлүк жарандар болуп саналган юридикалык жактардын шайлоону каржылоосуна тыюу салынат.
(КР 2022-жылдын 18-октябрындагы № 97 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)