6-берене. Ченемдик укуктук актылардын иерархиясы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

19.05.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

2-глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренеси, 19.05.2026 редакциясы.

1. Ченемдик укуктук актылар юридикалык күчүнүн деңгээли боюнча төмөнкүдөй иерархияда жайгашат:

Конституция, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүчү мыйзам;

конституциялык мыйзам;

кодекс;

мыйзам;

Президенттин жарлыгы;

Жогорку Кеңештин токтому;

Министрлер Кабинетинин токтому;

Улуттук банктын, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын актылары;

Министрлер Кабинетинин ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык, ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары;

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актылары.

өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын башкаруучу компаниясынын ченемдик укуктук актылары;

2. Ченемдик укуктук акт өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга каршы келбеши керек.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик тилдеги тексти расмий тилдеги тексти менен окшош болбогон учурда мамлекеттик тилдеги текст түп нуска болуп эсептелет.

4. (КР 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 131, 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 , 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)