5-берене. Ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары)


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

19.05.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

1-глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренеси, 19.05.2026 редакциясы.

Ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) ченем жаратуучу төмөнкүдөй органдар (кызмат адамдары) укуктуу:

Президент;

Жогорку Кеңеш;

Министрлер Кабинети;

Улуттук банк;

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия;

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары.

өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын башкаруучу компаниясы

(КР 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 , 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)