19-берене. Ченемдик укуктук акт долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренеси, 19.05.2026 редакциясы.
1. Ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген методикага ылайык жөнгө салуучу таасирди талдоо жүргүзүлүүгө тийиш.
Жөнгө салуучу таасирди талдоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлбөйт:
ал жеткис жагдайлардын шарттарында ишкердик иш-аракетти жөнгө салууда;
колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон, баалардын туруктуулугуна жетишүүгө жана аны колдоого, акча-кредит саясатын ишке ашырууга, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган убактылуу ченемдик укуктук актыларды даярдоодо.
Караңыз:
КР Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому
2. Жөнгө салуучу таасирди талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу жак тарабынан жүргүзүлөт жана камсыз кылынат.
3. Жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган негиздеме иштеп чыгуучу жак тарабынан берилбеген учурда ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылууга жатат.
(КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)