4-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылучу негизги түшүнүктөр


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

02.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

1-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренеси, 02.07.2026 редакциясы.

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

арыз ээси – ушул Мыйзамга ылайык лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн лицензиялоочу органга кайрылган жеке же юридикалык жак;

лицензиялоо – лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү, кайрадан жол-жоболоштуруу, токтотуп коюу, кайра жаңылоо жана жокко чыгаруу менен байланышкан процесс;

лицензия – ушул Мыйзамга ылайык аларга карата мамлекеттик лицензиялоо киргизилген ишти жүзөгө ашыруу укугун ырастоочу документ;

лицензия берүүчү – ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан лицензиялоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген орган;

лицензия алуучу – лицензия жана (же) уруксат алган жеке же юридикалык жак;

лицензиялык контроль – иштин лицензиялануучу түрүнүн чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын лицензиялык талаптардын сакталышын текшерүү боюнча иши;

чектелген мамлекеттик ресурстар – мамлекетке таандык болгон ресурстар, анын ичинде айкын мүнөздөмөлөргө ээ, сан жагынан өлчөнүшү жана акчалай бааланышы мүмкүн болгон, чектелген же ордуна келбей турган жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттери, радиожыштык спектри;

уруксат – иш процессинде айрым аракеттерди жүзөгө ашыруу укугун ырастоочу, мамлекеттик орган (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген кандай болбосун башка юридикалык жак) тарабынан берилүүчү документ;

лицензиялардын жана уруксаттардын реестри – кагаз жүзүндө жана электрондук форматта лицензиялоо жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрү боюнча лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтар базасы;

тобокелдик – адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке зыян келтирүүчү, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келтирүүчү жагымсыз окуянын келип чыгуу ыктымалдыгы;

(Абзац КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

электрондук лицензия жана (же) уруксат – кагаз жүзүндөгү лицензияга жана (же) уруксатка мааниси бирдей, маалыматтык технологияларды пайдалануу менен жол-жоболоштурулуучу жана берилүүчү электрондук документ формасындагы лицензия жана (же) уруксат.

лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган (электрондук) бирдиктүү реестри - электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн бөлүгү болуп саналган лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган маалыматтар базасы.

иштин лицензиялануучу түрү - аны жүзөгө ашыруу үчүн ушул Мыйзамга ылайык лицензия жана (же) уруксат алуу талап кылынган, аткарылуучу иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү, иш-аракеттерди жана операцияларды камтыган иштин түрү;

лицензияга тиркеме - лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, лицензия алуучунун иштин лицензиялануучу түрүн түзгөн иштерди жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга болгон укугун ырастоочу документ;

(КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)