Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

02.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

1-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси, 02.07.2026 редакциясы.

Иштин, аракеттердин жана операциялардын айрым түрлөрүн лицензиялоо адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле чектелген мамлекеттик ресурстарды башкаруу максатында жүзөгө ашырылат.