30-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл жана контроль
06.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
05.06.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
IV БӨЛҮМ. ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ
Кыргыз республикасындагы жол кыймылы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясы, 05.06.2026 редакциясы.
1. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл жана контроль Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурулат жана жүргүзүлөт.
2. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл жана контроль Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга тиешеси бар эрежелерди, стандарттарды, техникалык ченемдерди жана башка ченемдик актыларды сактоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.