3-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун негизги принциптери
06.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
05.06.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
Кыргыз республикасындагы жол кыймылы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясы, 05.06.2026 редакциясы.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- чарбалык ишкердүүлүктүн экономикалык натыйжалары үчүн жол кыймылына катышкан граждандардын өмүрүнө жана ден соолугуна артыкчылык берүү;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда граждандардын, коом менен мамлекеттин кызыкчылыктарын сактоо;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерге программалык - максаттуу мамиле жасоо.