24-1-статья. Катталган транспорт каражаттарынын маалыматтар базасы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

05.06.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

III БӨЛҮМ. ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ

Кыргыз республикасындагы жол кыймылы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-1-статьясы, 05.06.2026 редакциясы.

1. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катталган транспорт каражаттарын маалыматтардын электрондук базасына киргизүүгө милдеттүү. Маалыматтардын электрондук базасын уюштуруунун жана күтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган укук коргоо органдарынын, салык кызматы органдарынын кызматкерлеринин жана башка кызмат адамдарынын маалыматтардын электрондук базасына оперативдүү жеткиликтүүлүгүн уюштурууга милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-июлундагы № 110, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)