18-статья. Транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салуунун негиздери жана тартиптери
06.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
05.06.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
III БӨЛҮМ. ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ
Кыргыз республикасындагы жол кыймылы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясы, 05.06.2026 редакциясы.
1. Алардагы жол кыймыдынын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү техникалык жактан бузук транспорт каражаттарын таптакыр пайдаланууга тыюу салынат.
Транспорт каражаттарынын бузуктугунун толук тизмеси жана аларды пайдалануунун тыюу салынган Шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салуу иштери мындай укук ыйгарылган кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)