16-статья. Транспорт каражаттарын техникалык кароо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
III БӨЛҮМ. ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ
Кыргыз республикасындагы жол кыймылы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясы, 05.06.2026 редакциясы.
1. Жер үстүндө жүрүүчү төмөнкү транспорт каражаттары техникалык кароодон өтүүгө жатат:
1) ташуу боюнча ишкердик иште пайдаланылуучу:
- жүргүнчүлөрдү (анын ичинде жеңил автомашиналар (таксилер);
- жүктөрдү;
- коркунучтуу жүктөрдү;
2) атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары (медициналык тез жардам автомобилдери, өрт өчүрүүчү автомобилдер, автокрандар, карагай ташуучу автомобилдер, өзү төгүүчү автомобилдер, цемент ташуучу автомобилдер, автоэвакуаторлор, өлчөмү узун жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары, айыл чарба жана токой чарба тракторлору, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар (АТМ) жана түшкөн акчаны жана баалуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары).
2. Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү:
1) жүргүнчүлөрдү, коркунучтуу жана атайын жүктөрдү ташуу боюнча - жылына эки жолу;
2) жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү жеңил автомашиналар (таксилер), жүк-жүргүнчү ташуучулар, жүк ташуучулар, айыл чарба жана токой чарба тракторлору, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар (АТМ), атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары, чыгарылган жылы менен:
3 жылга чейин - кароого жатпайт;
3 жылдан 7 жылга чейин - 2 жылда бир жолу;
7 жылдан ашык - жыл сайын.
Жер үстүндө жүрүүчү башка бардык транспорт каражаттары ыктыярдуу тартипте техникалык кароодон өтөт.
3. Техникалык кароону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген диагностикалык борборлор жүзөгө ашырат.
Диагностикалык борборлор транспорт каражаттарын техникалык кароону Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана техникалык регламенттерде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жүргүзөт. Диагностикалык борборлор тарабынан берилген оң корутундулар транспорт каражаты бардык талаптарга жооп берээрин, чектөөлөрү жок экендигин, абаны булгабаганын жана эксплуатациялоого толук даяр экендигин ырастоого тийиш.
Диагностикалык кызмат көрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу техникалык тейлөө станциялары техникалык кароону өткөрүүгө укуксуз.
4. Ушул Мыйзамда каралган милдеттүү техникалык кароону өткөрүү үчүн жоопкерчилик транспорт каражаттарынын ээлерине жана менчигинин формасына карабастан бул транспорт каражатын пайдалануунун ичинде транспорт каражаты пайдалануучу уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт.
5. Техникалык кароону өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-январындагы № 13, 2020-жылдын 12-августундагы № 122, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)