15-статья. Унаа каражаттарын пайдаланууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

05.06.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

III БӨЛҮМ. ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ

Кыргыз республикасындагы жол кыймылы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясы, 05.06.2026 редакциясы.

1. Жол кыймылына катышкан транспорт каражаттарынын техникалык абалы жана жабдуулары жолдо жүрүү коопсуздугун камсыз кылуусу зарыл.

2. Жол кыймылына катышкан транспорт каражаттарын техникалык жактан шайма-шай абалда кармоо милдети менчиктин түрүнө карабай ошол транспорт каражаттарынын ээлерине жүктөлөт. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу келишимин (келишимдерин) түзүү боюнча милдет автотранспорт каражаттарынын ээлерине жүктөлөт.

(КР 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)