13-статья. Жолдордогу кыймылдын чектелиши же токтотулушу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

05.06.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

III БӨЛҮМ. ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ

Кыргыз республикасындагы жол кыймылы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясы, 05.06.2026 редакциясы.

1. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жолдордо жүргөн транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу чектөө жана токтотуу мындай укук ыйгарылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынарн алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.

2. Жолдордо жүргөн транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу чектөө же токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде тастыкталат.