Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

7-ГЛАВА КАРЫЗДЫ ТӨЛӨП БЕРҮҮНҮН ШАРТТАРЫ ЖАНА КЕЗЕКТҮҮЛҮГҮ

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 88-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.

1. Атайын администрациялоо учурунда карыз тарап башка жактын алдында милдеттенме боюнча карызы бар (учурдагы карыз) же ошондой карызы болушу мүмкүн экендиги (келечектеги карыз), же ошондой карыз болушу ыктымал экендиги (ыктымал карыз) аныкталса жана ошол эле учурда ошол жак да карыз тараптын алдында учурдагы, келечектеги же ыктымал карызы болсо, анда:

1) атайын администрациялоо башталганга чейин келип чыккан акчалай же башка түрдөгү бул эки карыз боюнча бир тарап экинчи тарапка төлөп берүүдөгү тийиштүү айырма эске алынат (өз ара эсептешүү);

2) эгерде карыздын акчалай наркы белгиленбесе, анда ал өз ара эсептешүү үчүн ушул пункттун 1-пунктчасында каралган тартипте атайын администратор тарабынан аныкталат;

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган өз ара эсептешүүгө төмөнкүдөй учурларда:

1) эгерде жок дегенде бир тараптын эсептелип жаткан карызына укугу бузулушу мүмкүн болгон үчүнчү тараптын тиешеси болсо;

2) талаптардын бири карыз тараптын уставдык капиталга катышуучунун салымын кайтарып берүү жөнүндө талабы болуп саналат;

3) карыздар атайын администрациялоо жол-жобосу башталгандан кийин келип чыкса.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)