20-статья. Чечимдин жараксыздыгы
06.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.
Кредиторлордун чогулушу, кредиторлордун комитети, убактылуу администратор, тышкы башкаруучу, атайын администратор, ошондой эле карыз тарап же анын катышуучулары мыйзамдын талаптарына карама-каршы келген же кредиторлордун укугуна шек келтирген чечимдерди кабыл алууга укуксуз, ал эми кабыл алынган мындай чечимдер ушул Мыйзамдын 27-31-статьяларында каралган тартипте сот тарабынан жараксыз деп таанылат.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)