19-статья. Жалган жана билип туруп жасалган банкроттук


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

1-ГЛАВА ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.

1. Эгерде кредиторлордун талаптарын толук көлөмдө канааттандырууга мүмкүндүгү болуп туруп юридикалык жак же жеке ишкер адам кредиторлорду алдоо, кредиторлорго төлөнүүгө тийиш болгон төлөөлөрдүн мөөнөтүн узартуу же кийинкиге калтыруу же береселерден жеңилдик алуу максатында атайылап жалган түрдө банкроттук процессин козгосо жана банкрот деп табылса (жарыяланса), кредиторлор карыз тараптан ушунун натыйжасында келтирилген зыяндардын ордун толтурууну талап кылууга жана күнөөлүү адамдарды ушул Мыйзамдын 18-статьясына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга кайрылууга укуктуу.

2. Эгерде банкроттук карыз тараптын жетекчисинин (анын катышуучунун же жеке ишкердин) жеке кызыкчылыгы же башка адамдардын кызыкчылыгы үчүн (билип туруп жасалган банкроттук) төлөөгө жөндөмсүздүктү атайылап түзүү же көбөйтүү боюнча аракетинен (аракетсиздигинен) улам келип чыкса, кредиторлор күнөөлүү адамдардан ушуну менен келтирилген зыяндардын ордун толтурууну талап кылууга жана күнөөлүү адамдарды ушул Мыйзамдын 18-статьясына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга кайрылууга укуктуу.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)