126-статья. Ордунда жок карыз тараптын банкроттугу жөнүндө ишти кароо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
14-ГЛАВА ОРДУНДА ЖОК КАРЫЗ ТАРАПТЫН БАНКРОТТУГУ
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 126-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.
1. Сот банкрот болгон карыз тарапты таануу жөнүндө арыз өндүрүшкө кабыл алынган күндөн тартып он күндүн ичинде банкрот деп таануу жана атайын администрациялоо жол-жобосун дайындоо жөнүндө чечим чыгарат. Атайын администратордун кандидатурасын сотко кредитор жана (же) банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик орган сунуш кылат.
2. Сот чечимди кредиторго, банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органга жана юридикалык жактар менен жекече ишкерлерди каттаган мамлекеттик органга жиберет.
3. Ордунда жок карыз тарапты банкрот деп таануу жөнүндө билдирүү банкрот жөнүндө иш боюнча мамлекеттик орган тарабынан адистештирилген фондунун каражатынын эсебинен жарыяланат. Кредиторлор атайын администраторго жарыя берилген күндөн тартып бир айдын ичинде өз талаптарын кое алышат.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)