93-берене. Нотариалдык документтерди мамлекеттик же башка каттоого берүү
10.11.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026
Жаңыртылды: 10.11.2026
II-БӨЛҮМ.›14-глава. Жеке жана юридикалык жактардын арыздарын берүү.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 93-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.
Нотариалдык документтерди мамлекеттик же башка каттоого берүү нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн кайрылган жактын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жүзөгө ашырылат. Нотариус арыз ээлеринин атынан документтерди мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалыматтык тутумдарына электрондук формада берүүгө, каттоо жыйымдарын жана төлөмдөрүн төлөөгө, каттоо жөнүндө билдирүүлөрдү алууга, ошондой эле башка зарыл иш-аракеттерди жасоого укуктуу.