88-берене. Жарандын тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

II-БӨЛҮМ.›13-глава. Фактыларды күбөлөндүрүү

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 88-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.

1. Нотариус жарандын тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрөт.

2. Жашы жете электин тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрүү анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, асырап алгандардын, камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн), ошондой эле жашы жете элек камкордугунда турган уюмдардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.