85-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдын факсимилдик колтамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
II-БӨЛҮМ.›12-глава. Документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.
1. Факсимилдик колтамга (факсимиле) - ден соолугунун абалынан улам өз колу менен кол тамгасын өз алдынча коюуга дене бойлук мүмкүнчүлүгү болбогон (көрүүнүн бузулушу) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын өз колу менен коюлуучу колтамгасын алмаштыруучу атайын даярдалган штамп (клише).
2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам техникалык каражаттардын жардамы аркылуу даярдалган штампты (клишени) нотариуска берет, аны менен нотариустун катышуусунда кол коёт, андан соң нотариус колтамганын үлгүсүн күбөлөндүрөт жана бул факсимиленин аныктыгы жөнүндө күбөлүктү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамга берет.
3. Күбөлөндүрүлгөн факсимиле өзүнүн юридикалык мааниси боюнча өз колу менен коюлган колтамгага толугу менен теңдештирилет.
4. Факсимиле жоголгон жана жаңы штамп даярдалган учурда аны кайрадан нотариаттык күбөлөндүрүү талап кылынат.