69-берене. Мураска калтырылган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көрүү жөнүндө тапшырма
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
II-БӨЛҮМ.›10-глава. Мурасталган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көрүү.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 69-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.
1. Эгерде мурас калтыруучунун мүлкү же анын бир бөлүгү мурас ачылган жерде болбосо, мурас ачылган жер боюнча нотариус нотариуска, эгерде бул калктуу конушта нотариус жок болсо, анда мураска калган мүлк турган жер боюнча нотариалдык иш-аракетти жасаган аткаруу бийлигинин тийиштүү органынын кызмат адамына аны кайтаруу үчүн чараларды көрүү жөнүндө тапшырманы берет.
2. Нотариус же аткаруу бийлигинин тийиштүү органынын мураска калган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көргөн кызмат адамы аталган чаралар көрүлгөндүгү жөнүндө мурас ачылган жер боюнча нотариуска билдирет.