65-берене. Ачылган мурас жөнүндө мураскорлорго кабарлоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

II-БӨЛҮМ.›10-глава. Мурасталган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көрүү.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.

1. Ачылган мурас жөнүндө билдирүүнү алган нотариус бул жөнүндө жашаган же иштеген жери ага белгилүү болгон мураскорлорго кабарлоого милдеттүү.

2. Нотариус, ошондой эле мураскорлорду жалпыга маалымдоо каражаттарында бул жөнүндө ачык кабарлоону же билдирүүнү жайгаштыруу аркылуу чакыра алат.