58-берене. Бүтүмдүн долбоорунун маанисин жана маңызын тараптарга түшүндүрүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

II-БӨЛҮМ.›9-глава. Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 58-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.

Нотариус тараптарга аларга сунушталган бүтүмдөрдүн долбоорунун маанисин жана маңызын түшүндүрүүгө жана анын мазмуну тараптардын чыныгы ниетине шайкеш келе тургандыгын же жоктугун жана мыйзамдын талаптарына карама-каршы келбей тургандыгын текшерүүгө милдеттүү.