52-берене. Нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

II-БӨЛҮМ.›8-глава. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун негизги эрежелери.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.

1. Нотариус нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартат, эгерде:

1) мындай иш-аракетти жасоо мыйзамдарга карама-каршы келсе;

2) иш-аракетти башка нотариус жасоого тийиш болсо;

3) аракетке жөндөмсүз жаран же болбосо зарыл ыйгарым укуктары болбогон өкүл нотариалдык иш-аракеттерди жасоо өтүнүчү менен кайрылса;

4) юридикалык жактын атынан жасалуучу бүтүм анын уставында же жобосунда көрсөтүлгөн максаттарга карама-каршы келсе;

5) бүтүм мыйзамдын талаптарына шайкеш келбесе;

6) нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн берилген документтер мыйзамдардын талаптарына ылайык келбесе.

2. Нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоодон баш тартылган адамдын өтүнүчү боюнча баш тартуунун себептерин жазуу жүзүндө баяндоого жана ага даттануу тартибин түшүндүрүүгө тийиш. Мындай учурларда нотариус үч жумуш күндөн кечиктирбестен нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.