30-берене. Нотариалдык ишти каржылоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
I БӨЛҮМ.›4-глава. Нотариустардын ишин финансылык камсыздоо
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.
1. Жеке нотариустун ишин каржылоо булактары болуп жасалган нотариалдык иш-аракеттер жана укуктук жана техникалык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр үчүн келип түшкөн каражаттар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каражаттар саналат.
2. Салыктарды, башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин жеке нотариус алган акча каражаттары анын менчигине өтөт.
3. Жеке нотариустар ар кандай банкта эсептешүү жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
4. Жеке нотариустардын депозиттик эсептеринде турган акча каражаттары алардын кирешеси болуп саналбайт.