23-берене. Ведомстволук нотариалдык архив


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

I БӨЛҮМ.›2-глава. Нотариалдык ишти мамлекеттик жөнгө салуу

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.

1. Кыргыз Республикасында ведомстволук нотариалдык архив түзүлөт, ал улуттук архив фондунун курамдык бөлүгү болуп саналат жана нотариалдык документтерди сактоону жүзөгө ашырат.

2. Ведомстволук нотариалдык архивдин ишин уюштуруу маселелери жана компетенциясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитүүчү Ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобо менен аныкталат.