21-берене. Жеке нотариалдык кеңсе жана нотариалдык бюро
10.11.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026
Жаңыртылды: 10.11.2026
I БӨЛҮМ.›2-глава. Нотариалдык ишти мамлекеттик жөнгө салуу
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.
1. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн жеке нотариус өзүнүн нотариалдык округунун чегинде (иш аймагында) нотариалдык бир кеңсеге ээ болууга милдеттүү.
2. Эки жана андан ашык жеке нотариус нотариалдык бюрону түзө алат. Жеке нотариалдык кеңсени жана нотариалдык бюрону каттоону Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Юстиция министрлиги жүргүзөт.
3. Жеке нотариалдык кеңсе жана нотариалдык бюро юридикалык жак болуп саналбайт.
4. Нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун имаратына карата талаптарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.