102-берене. Чекти төлөөгө берүү жана чектердин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
II-БӨЛҮМ.›16-глава. Векселдердин протесттерин жасоо, чектерди төлөөгө берүү жана
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 102-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.
1. Төлөөчү турган жер боюнча нотариус, эгерде чек Кыргыз Республикасынын аймагында берилсе, берилген күндөн тартып он күн өткөндөн кийин; эгерде чек Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин аймагында берилсе - жыйырма күн өткөндөн кийин; эгерде чек кайсы бир башка мамлекеттин аймагында берилсе - чек берилген күндөн тартып 70 күн өткөндөн кийин, бирок бул күндөн кийинки күнү 12 сааттан кечиктирбестен көрсөтүлгөн чекти төлөөгө берүү үчүн кабыл алат.
2. Чек төлөнбөгөн учурда нотариус чекке жазуу аркылуу чектин төлөнбөгөндүгүн ырастайт жана реестрде бул жөнүндө белгилейт. Чектеги жазуу менен бир эле учурда анын чеги банкта төлөнбөгөндүгү жана чекке жазуу жазылгандыгы жөнүндө чек берүүчүгө кабарлоо жөнөтүлөт.
3. Чек кармоочунун өтүнүчү боюнча нотариус чек төлөнбөгөн учурда аткаруу жазуусун жүргүзөт.